Инструменты пользователя

Инструменты сайта


унутта_калган_уулдар_же_эл_эсиндеги_элиталар

Унутта калган уулдар же эл эсиндеги элиталар

XIX кылымдын аягы – XX кылымдын 20-30-жылдары азыркы Кара-Кулжа, Өзгөн жана Алай райондору Өзгөн, Куршаб, Алай-Гүлчө райондору болуп турган кезде бул өрөөндөрдөн өзүнүн эле уруусунун эмес, ал өрөөндөрдөгү бүтүндөй уруулардын, керек болсо кыргыз элинин, улуттун тагдырын ойлогон Эгемберди бий (Коо-Чаты айылынан), Жаныгул бий, Кулаш бий, Ибирайим бий (Күйө-Таш айылынан), Абдылда бий (Ой-Тал айылынан), Асран бий (Көк-Арт айылынан), Жусу казы (Кайың-Талаа айылынан), Түлөкө казы (Коо-Чаты айылынан), Бекташ казы (Күйө-Таш айылынан), Бердике бий, Абдымомун бий, Шааке бий, Полот бий, Сулайман бий, Баргы бий, Солто бий, Калыгул бий, Улар бий, Жапар бий, Кутулмуш бий, Рамазан бий, Жусупбай казы, Мати миң башы, Сасыев Чоко бий, Тажибаев молдо Кувак, Асанов Маткасым, Ишев молдо Нурмат, Молдо Кайып ж.б.у.с. улуу инсандарыбыз өткөнү баарыбызга эле маалым эмес экендиги белгилүү.

Алар өз кезинде эл үчүн эбегейсиз эмгектерди жасоо менен бүгүнкү күнгө чейин архивдик булактардан кездешпесе да, элдин эсинде сакталып, ооздон-оозго легенда болуп айтылып келе жатышы, бул тарыхчылардын алар туурасында илимий иликтөөлөрдү токтоосуз жүргүзүүгө шыктандырбай койбойт. Бүгүнкү күндөгү тарыхчылардын бирден-бир милдети бул, эл арасындагы маалыматтарды топтоо, алардын үстүнөн илимий иликтөөлөрдү жүргүзүү болушу керек деп эсептейм. Антпесек, жазылбай калган, өткөн тарыхыбызды айтып бере турган улуу муундун өкүлдөрү барган сайын азайып жатышат. Ал эми, азыркы жана келечектеги жаш муундарыбыз эгерде биз жазып калтырбасак, алар же китептен окуп таппай же алар туурасында айта турган биз билбей турсак, анда алардын арбагы жана тарых бизди кечирбейт. Жогоруда аттары аталган инсандарыбыздын ар биринин эл-жери үчүн кылган эмгектери ат көтөргүс десек жаңылышпайбыз.

Бирок, мына ошондой эмгеги баа жеткис, али күнгө чейин элдин эсинде жашаган инсандарыбыздын антисоветтик элементтер катары табылышып, кулакка тартылгандарынын айрымдары туурасында кеп кылсак.

Ошол кездеги, Ош кантонунун Алай-Гүлчө районунун Ой-Тал айылдык кеңешинде жашаган (азыр бул айыл Кара-Кулжа районуна карайт) Кожомбердиев Түлөкө казыны антисоветтик элемент катарында кулакка тартаарда анын 1 курулушун (100 рубль), 2 боз үйүн (550 рубль), 3 килемин (220 рубль), 1 паласын (20 рубль), 5 атын (900 рубль), 3 төөсүн (450 рубль), 4 букасын (230 рубль), 6 уюн (280 рубль), 4 торпогун (40 рубль), 212 коюн (2756 рубль), 41 жылкысын (3200 рубль), 19 танап айдоо жерин ж.б. мүлкүн конфискацияласа, ушул эле Алай-Гүлчө районунун Алай-Куу – Ой-Тал айылдык кеңешинде жашаган Жаныгулов Кулаш бийдин 1 үйүн (600 рубль), 1 паласын (50 рубль), 85 коюн (1105 рубль), 3 төөсүн (430 рубль), 2 уюн (120 рубль), 4 букасын (320 рубль), 41 атын (3440 рубль), 1000 кг. үрөөнүн (75 рубль), 20 танап жерин ж.б. мүлкүн конфискациялап алган. Ал эми, Өзгөн районунун Алай-Куу айылдык кенешинде жашаган (азыр бул айыл Кара-Кулжа районуна карайт) казы, Кыдыршаев Бекташтын 2 төөсүн (270 рубль), 2 букасын (220 рубль), 4 уюн (60 рубль), 12 атын (840 рубль), 1 бээсин (100 рубль), 6 танап жерин ж.б. мүлкүн мамлекеттке конфискациялап алган. Маселен, Кожомбердиев Түлөкө казынын жалпы суммасы 7 591 рублдик, Жаныгулов Кулаш бийдин 6 455 рублдик мал-мүлктөрү мамлекет тарабынан конфискацияланып алынып, алардан алынган мал-мүлктөрдүн негизинде 22-февралда “Кызыл-Чегара” айыл-чарба артелин түзүшкөн.

Мындан сырткары, Таджиев молдо Кувактын жалпы 100 танап жери конфискацияланса, анын 20 танабы Секелек жана 80 танабы Кара-Кулжа айылынан болгон. Конфискацияланган мүлк 6 аттан, 3 букадан, 1 коргондон, 1 кыргыз үйдөн, 1 уй, 1 жылкы, 1 сандык ж.б.у.с. Жалпы суммасы 1 549 рублди түзөт. Таджиев молдо Кувактын конфискацияланган мал-мүлкү “Жашоо” деген айыл-чарба артелине өткөрүлүп берилсе, Өзгөн районунун Кара-Кочкор айылында жашаган (азыр бул айыл Кара-Кулжа районуна карайт) Асанов Маткасымдын 500 рублдик 1 үйү, 10 рублдик 1 кроваты, 1 115 рублдик 15 аты, 9 баш ири мүйүздүү малы, 1 кыргыз үйү, 1 умывальниги ж.б., жалпы суммасы 2 089 рублдик мал-мүлкү конфискацияланып алынган. Анын Адыр-Кыштактагы жери ошол жердеги артелдеги кедейлерге өткөрүлүп берилген. 1929-жылы Ош кантонунан кулакка тартылган 7 бай-манаптын жалпы суммасы 67 957 рубль 50 тыйындык мал-мүлкү конфискацияланган: 22 860 рублдик 302 ат, 6 858 рублдик 159 ири мүйүздүү мал, 1 820 рублдик 14 төө, 25 789 рублдик 1 950 кой-эчки, 933 рублдик 25 уй, 6 735 рублдик 34 ар кандай курулуш, 91 рублдик 6 эшек, 158 танап жер, 30 рублдик 1 тикме машина, 155 рубль 50 тыйындык 25 ар түрдүү айыл-чарба шаймандары, 115 рублдик 8 кийим ж.б. алынган.

Мына ушул жогоруда аты аталган 7 бай-манаптан сырткары Алай районунун Сары-Булак айылдык кеңешинин жашоочусу бай-манап Алимбеков Мати миң башы, Өзгөн районунан Баймырзаев Юсупбай казылар (Жусупбай) ОГПУ тарабынан камакка алынып, мурдагы 12 манапка кошулуп Оренбург шаарына айдалышкан. Эми мындай тарыхый фактыларды, эл оозунда али күнгө чейин айтылып келген окуяларды айта турган болсок абдан эле көп. Мына ошого карабастан, жогоруда аттары аталган айрым инсандардын кулакка тартылгандан кийинки тагдырлары чындыгында табышмак бойдон келет. Мисалы, Кожомбердиев Түлөкө казыны кулакка тартканда уулу Калпет дагы Оренбург шаарына айдалган. Анын айтуусунда атасы Түлөкө казы Оренбургдан өзүнүн туулуп-өскөн жерине кайтып келе жатып, азыркы Өзгөн районуна келгенде каза болуп, райондун борборундагы Тынчтык багына сөөгү коюлган деп эскерсе, Кыдыршаев Бекташ казы 1935-жылы азыркы Кара-Суу районундагы темир жол станциясына келип түшкөнүн көргөн кишилер болгон деген маалыматтар бар.

Бирок, Бекташ казы деле Түлөкө казы, Жусу казылар сыяктуу эле кулакка тартылгандан кийин кайрадан туулуп-өскөн кичи мекендерине жетишкен эмес. Кыргыз Республикасынын Баатыры, белгилүү жазуучу Сооронбай Жусуевдин айтуусу боюнча, атасы Жусу Алай-Куу өрөөнүндөгү белгилүү казылардын бири болгон. Атам Жусуну антисоветтик элемент катарында кулак деп эсептеп, Алай-Гүлчө районунун борборуна алып келип убактылуу кармап, кийин Ош шаарындагы түрмөгө которуп, 1932-1933-жылдарга чейин камайт. Түрмөдөн бошотоору менен жөө-жалаңдап туулуп өскөн жери Алай-Кууну көздөй бет алат. Бирок, тилеке каршы Алай-Кууга жете албай, Кара-Кулжадагы Түшүнүк деген айылда Таши деген таанышынын үйүндө убактылуу туруп калат дагы, көп өтпөй эле ошол жерде каза болот. Ошондо мен сегиз жашаар бала элем. Ошол күндөр али күнчө эсимден кетпейт деп эскерет Жусу казынын уулу Улуу жазуучубуз Сооронбай ата.

Мындай аянычтуу, эстен кеткис тагдырлар миңдеп саналат. Жыйынтыктап айта турган болсок, совет бийлигинин кулакка тартуу саясаты, чындыгында акыйкатсыз, күч колдонуп мажбурлоо жолдору менен жүргүзүлгөнү, керек болсо ар бир элдин, улуттун элиталарын Ата-Мекендеринен ажыратып депортациялаганы көрүнүп турат.

Бул жогорудагы берилген маалыматтар Кыргыз Республикасынын Борбордук Мамлекеттик Архивинен (ЦГА КР. 21-фонд, 16-опись, 98-сактоо бирдиги, 182-183-барактар) жана Кыргыз Республикасынын Баатыры, белгилүү жазуучу Сооронбай Жусуевден жазылып алынды.

1929-жылдын 29-сентябрында Кыргыз АССРинен сырткары көчүрүлө турган 44 бай-манаптын тизмеси такталып, ал төмөндөгүдөй “жашыруун” документ катары сакталган.

(Таблица кыскартылып берилди)

Жашыруун. (Секретно).

СПИСОК баев – манапов, выселяемых из Кирг. АССР.

29 сентября 1929 года.

по Ошскому кантону
1 Сасыев Чокобий Алай – Гульчинский район
2 Ишев Мулла Нурмат Алай – Гульчинский район
3 Джаныгулов Кулашбий Алай – Гульчинский район
4 Ходжамбердыев Тулейке Казы Алай – Гульчинский район
5 Кыдыршаев Бекташ Алай – Гульчинский район (скрывается за границей)
6 Асанов Маткасым Узгенский район
7 Таджибаев Мулла Кувак Узгенский район
по Джаляль – Абадскому кантону
8 Койчуманов Чоноузбий Джалал – Абадский район
9 Ишходжаев Айдархан Джалал – Абадский район
10 Шовруков Байгазы Кетмень – Тюбинский район
11 Чанчаров Нарбай Кызыл – Джарский район
12 Чиндавлетов Каратай Кызыл – Джарский район

Верно: Уполномоченный ВС:
Ивашев.

Мына ушул жогорудагы “жашыруун” деп аталган тизмедеги адамдардын ар биринин мал-мүлкү мамлекетке мыйзамсыз түрдө күч колдонуу жолдору менен тартылып алынган.

Тарых илимдеринин кандидаты,

Ош МУнун доценти

Бөтөнөев Жолдошбек Советбекович

унутта_калган_уулдар_же_эл_эсиндеги_элиталар.txt · Последние изменения: 2018/12/07 08:49 — 193.165.237.78